Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

АКШ Мексика менен чек арасына беш миңден ашуун аскер жөнөтөт


Гондурастагы жакырчылыкты жүйө кылып АКШга бараткан мигранттардын кербени. 15-октябрь,  2018-жыл.
Гондурастагы жакырчылыкты жүйө кылып АКШга бараткан мигранттардын кербени. 15-октябрь, 2018-жыл.

Борбордук Америкадан мигранттардын жаңы агымы келишин утурлай Пентагон ушул аптанын соңунда Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырууда. 

“Ишенимдүү патриот” деп аталган операцияда негизинен Техас, Аризона, Калифорния штаттарында чек араны бекемдөөгө көңүл бурулат. Бул тууралуу АКШ армиясынын Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгынын башчысы, генерал Терренс О" Шогнесс билдирди. 

Буга чейин быйыл апрелде президент Дональд Трамп АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокерин жөнөткөн. 

Кечээ президент Трамп өзү Мексика аркылуу АКШга карай келаткан мигранттардын кербенин чек арада аскерлер күтөрүн билдирген. Трамп аларга артка кайтуусун талап кылып, АКШга “мыйзамдуу жараяндан” өтмөйүнчө киргизилбей турганын эскерткен. (UE)

 

XS
SM
MD
LG