Бээжин менен Нью-Дели АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы күчүнө киришине саналуу күн калса да андан мунай сатып ала берерин бул эки өлкөдөн түшкөн кабарлар айгинелейт.
Кытайлык жана индиялык расмий өкүлдөр түшүндүргөндөй, буга дүйнөлүк базарда Ирандын кара майынын ордун толтургудай башка жетиштүү булактын жоктугу себеп болууда.
Кытай - Ирандан эң ири өлчөмдө мунай импорттогон өлкө. Ал Ирандан күнүнө 500- 800 миң баррель же айына 1,5 миллиард доллардык кара май алат.
Индия болсо Ирандан мунай импорттоо жагынан Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турат.
Ирандын Азиядагы башка ири кардарларынын ичинен Жапония менен Түштүк Корея АКШнын санкциялары күчкө кирерде андан мунай сатып алууну токтотту.
АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылдагы келишимден чыгып кеткендиктен Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө.
Санкциялардын август айынын башында калыбына келген алгачкы баскычы Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алды.
Ал эми санкциялардын 5-ноябрдан тартып күчкө кирүүчү кийинки баскычы Ирандын мунай секторуна, Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталат.
Америкалык расмий өкүлдөр алдыда башка мамлекеттер Ирандан алган мунай импортун “нөлгө” түшүрүш үчүн иш жүргүзөрүн айтышкан. Ирандын бийлиги болсо андай болушу такыр мүмкүн эмес экенин билдирген.
Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.
Иран президенти Хассан Роухани өткөн айда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөндө АКШнын санкцияларын “экономикалык терроризмге” барабар иш катары баалаган. (UE)