Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

“Көк-бөрү” тасмасы Лос-Анжелестеги фестивалда көрсөтүлөт


Kөкбөрү оюну.

Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Көк-бөрү” тасмасы ушул күндөрү Лос-Анжелесте өтүп жаткан "Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалынын алкагында 30-октябрда көрсөтүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында кабарланды.

Бир күн мурда ушул эле фестивалдын алкагында режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” фильми көрсөтүлдү. 24-октябрда Лос-Анжелестин Калвер-сити шаарында башталган кинофестиваль 1-ноябрда жыйынтыкталат.

Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан иш-чарага катышып жаткан тасмалардын көбү “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына ат салышып жатышат. Ошондой эле 30-октябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган үч тасма көрсөтүлөт. "Asia World Film Festival" Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

XS
SM
MD
LG