Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Индонезия кыйраган учактын "кара кутусун" издеп жатат

Издөө иштерине тартылган адистердин  тобу. 29-октябрь, 2018-жыл.
Издөө иштерине тартылган адистердин тобу. 29-октябрь, 2018-жыл.

Бортундагы 189 адамы менен Ява деңизине кулап түшкөн учактын калдыктарын табыш үчүн Индонезиянын бийлиги издөө операциясынын аймагын кеңейтти.

Адистердин айтымында, азыр учак кабинасындагы үн жаздыруучу аппаратты жана "кара кутуну" табууга басым жасалууда.

"Lion Air" аба компаниясына таандык "Boeing 737 MAX" учагы дүйшөмбү күнү Жакартадан Панкалпинанг шаарчасына учуп баратып, асманга көтөрүлгөндөн 13 мүнөттөн кийин кырсыкка учураган.

29-октябрда деңизден өлүктөр жана учактын айрым калдыктары табылды. Индонезиянын бийлиги жүргүнчүлөрдү тирүү табуу дээрлик мүмкүн эмес экенин билдирди.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча айтыла элек. Кыйраган учактын бир күн мурдагы Бали аралынан Жакартага чейинки каттамында техникалык маселелер байкалганын, бирок ал мүчүлүштүктөр жөнгө салынганын "Reusers" агенттиги "Lion Air" компаниясынын жетекчилигине шилтеме кылып кабарлады. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG