Бишкекте бүгүн, 31-октябрда турак жай алмакчы болуп алданып калган үлүшчүлөрдүн көйгөйү тууралуу талкуу болот.
"24.kg" агенттигиндеги жыйынга парламент депутаттары, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы), Ички иштер, Юстиция министрликтеринин, Бишкек мэриясысынын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана үлүшчүлөр катышмакчы.
Талкууда үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоонун, алардын маселесин чечүүнүн жолдору талкууланат.
Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш компанияларына акчасын алдын-ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат.
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы быйыл 3-октябрдагы чыгарылышында Бишкекте батир алыш үчүн акча төлөп, бирок берген каражатынан да, үйдөн да кур жалак калгандардын арыз-муңун, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. (NT)