Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

УКМК: Сирияга 100 миң доллар жөнөткөн кыргыз жараны кармалды


УКМК.
УКМК.

Сириядагы согушкерлерге каржылык колдоо көрсөтүп жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-октябрда контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 28 жаштагы жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн. Ал башка бирөөнүн паспорту менен жүргөнү, Сириядагы согушкерлерге жардам иретинде 100 миң доллар жөнөткөнү аныкталды. Ага террордук уюмдарды каржылоо, кастыкты козутуу, жасалма документ колдонуу боюнча беренелердин негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү адам УКМКнын тергөө абагына отургузулду. (RK)

XS
SM
MD
LG