Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Ооганстанда армия өкүлдөрүн ташып бараткан тик учак кулады


Кабул, Ооганстан. 31-октябрь, 2018-жыл.

Ооган армиясынын жогорку адамдарын ташып бараткан тик учак кырсыкка учурап, 25 киши каза тапты. Фарах провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Насер Мехдинин айтымында, тик учак 31-октябрда эртең менен тоолуу Анар Дара чөлкөмүнөн Гератка жол тарткандан көп узабай кулап түшкөн. Бийлик өкүлү кырсыкка начар аба ырайы себеп болгонун айтса, "Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы тик учакты кыймылдын согушкерлери атып түшүрүшкөнүн билдирди. Мехди жүргүнчүлөрдүн арасында Ооганстандын батыш аймактарынын жогорку аскер өкүлдөрү жана Фарахтын чөлкөм кеңешинин башчысы болгонун кошумчалады.

Ушул эле күнү Кабулдун четиндеги чоң түрмөнүн жанында жанкечти өзүн жардырып жиберди. Кол салуудан аз дегенде жети киши курман болгону кабарланууда, арасында түрмө кайтаруучулар жана коопсуздук аскерлери бар.

Ички иштер министри Нажиб Даниш кол салган адам түрмө кызматкерлери бараткан автобусту бутага алганын билдирди. Абакта көптөгөн талиб жоочулары да жазасын өтөп жатат. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG