Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды

Индиянын алгачкы вице-премьер-министри Сардар Пател Валлабхаинин эстелиги.
Индиянын алгачкы вице-премьер-министри Сардар Пател Валлабхаинин эстелиги.

Өлкөнүн эгемендиги үчүн күрөштө атагы чыккан, Индиянын алгачкы вице-премьер-министри Сардар Пател Валлабхаинин эстелиги Гужарат штатында тургузулду. 

"Биримдиктин айкели" деп аталган бул монументтин бийиктиги 182 метр. Ал Нью-Йорктогу "Эркиндик" статуясынан дээрлик эки эсе бийик. Буга чейин дүйнөнүн эң бийик эстелиги деп мүнөздөлүп келген Кытайдагы Будданын айкелинен 54 метрге узунураак. 

Монумент 2 жыл, 9 ай ичинде бүткөрүлдү. Ага 430 миллион доллар сарпталып, 250 инженер жана 3400 жумушчу ишке тартылган. 

Эстеликти Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шаршемби күнү Сардар Пателдин 142 жылдыгын утурлай ачты. "Темирдей адам" атка конгон Пател Индия эгемендикке жеткенден кийин 500дөй чакан штаттардын башын бириктирүүдө башкы ролду ойногон ишмер катары мүнөздөлүп келет.

Премьер-министр бул эстелик Гужарат аймагына туристтерди тартууга өбөлгө түзөрүн айтты. Бирок жергиликтүү тургундар арасында мындай долбоорго жүз миллиондогон долларды сарптоо туура болгонунан күмөн санагандар бар. 

XS
SM
MD
LG