1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...6,
Таласта түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө күндүз -2...+3, түнкүсүн 2...7 градус болот.
Бишкекте жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.