Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Орусияда "митинг өткөрүү укугун кыянаттык менен пайдалангандар" айыппул төлөшөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин “митинг өткөрүү укугунан ашкере пайдалануу” үчүн айыппул төлөнө турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

18-октябрда мыйзамды Мамлекеттик Дума жактырган. Кыянаттык менен пайдалануу деп, мисалы, акция өткөрүү тууралуу арыз тапшырып, бирок анын максатын көргөзбөй коюу эсептелет. Жарандар үчүн айыппул 5 миңден 25 миң рублга чейин каралган, уюмдар 100 миң рублга чейин төлөшү мүмкүн.

Митинг уюштуруу жөнүндө арызын тапшырып, кийин баш тартып, бирок ал тууралуу белгилүү бир мөөнөт ичинде жергиликтүү бийликке маалымат бербегендер да жазаланат. Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттары киргизген.

XS
SM
MD
LG