Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Тажик-ооган чек арасындагы ок атуу боюнча иликтөө аяктады


Тажик-ооган чек арасы.
Тажик-ооган чек арасы.

Тажикстандын Чек ара башкармалыгы тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча кызматтык иликтөөнү жыйынтыктады.

Быйыл 26-августта Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну "Нива" автоунаасы менен баратканда ок атууга кабылып, экөө мерт болуп, бирөө жараат алган.

Кызматтык териштирүүдө кол салууну баңгизат аткезчилери уюштурганы айтылат. Бирок тажик-ооган чек арачылары алардын аты-жөнүн азырынча тактай элек.

Кол салуудан аман калган Сафархон Рахимов кылмышкерлерди көрбөгөнүн, бирок алар тажик тараптан ок атышканын билдирген.

“Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Фархор районунун чек ара бөлүгүнүн командири иштен алынганын жазды. Баңгизат аткезчилеринин Тажикстан аймагына киргени үчүн кезметтеги офицерлер да тартип жазасына тартылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG