Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Арменияда премьер-министрге добуш берүүнүн экинчи айлампасы өтөт


Никол Пашинян.

Арменияда бүгүн, 1-ноябрда премьер-министрлик кызматка талапкерге добуш берүүнүн экинчи айлампасы өтөт. 24-октябрда армян парламенти добуш берүүнүн биринчи айлампасында жалгыз талапкер Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайлаган эмес. Экинчи айлампа бүгүнкүгө белгиленген.

Ал кызматтан кеткенин 16-октябрда жарыялаган. Мындай кадамга экс-премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон мыйзам чыгаруу органын таратып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн барган.

30-октябрда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашинянды премьерликке "Царукян" жана "Елк" фракциялары, ошондой эле азыркы парламентте көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиядан чыгып кеткен айрым депутаттар кайра көргөзүшкөн.

Эми бир жума ичинде жаңы премьер-министр шайланбаса, өлкөнүн парламенти таркап, декабрдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүгө тийиш.

Армениянын 2015-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясына ылайык, эгер өлкөнүн Улуттук жыйыны премьер-министрди эки жолу дайындай албай койсо, ал таратылат жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгиленет.

XS
SM
MD
LG