“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечимди мыйзамсыз деп эсептейт. Бүгүн кыймыл “Атамбаев-Ниязов-Карамушкина» тобу мыйзамсыз” деген билдирүү таратты.
Анда “Алмазбек Атамбаевди КСДПнын лидери деп бүгүнкү күндө Фарид Ниязов менен Ирина Карамушкина гана эсептешет” деп жазылган.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы 31-октябрда билдирген.
Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылган. (RK)