Түркия бекер дарыланчу кыргызстандык бейтаптардын квотасын 150гө көбөйттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Анда айтылгандай, мындай чечим эки өлкөнүн тиешелүү министрлеринин Түркиядагы жолугушуусунда кабыл алынган.
2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, мамлекеттик квота менен жылына 100 кыргызстандык бейтап Түркияга барып акысыз дарыланып келет. Элүү бейтапты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, калган элүү бейтапты Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет.
Быйыл сентябрда Түркияга атайын дарыланууга барган кыргызстандык бейтаптар өз алдынча дарыланууга келишкенин айтып, аталган тизмеге кезек жетпей жатканын сынга алышкан. (ErN)