Өкмөт даяр илимий иштерди көчүрүп алгандарды аныктоо, мындай көрүнүштөрдү алдын алуу ишин күчөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кенештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди:
- Өкмөт журналисттер изилдеп чыкканча күтүп отура бербеши керек. Илимдин жасалма кандидаттары, докторлору пайда болууда. 2014-жылдын 29-январында Жогорку аттестациялык комиссиянын түзүмү негизделген. Ушуну карап, изилдеп чыгышыбыз керек.
Буга чейин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылган.
Башкы көзөмөл мекемеси кабарлагандай, уурдалган эмгектерди каржылоого мамлекеттик бюджеттен 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом төлөнгөн.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дөй кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ошого карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800гө жетип, кандидаттар 3000ден ашкан.
Орусияда 2013-жылы түзүлгөн “Диссернет” уюму бул өлкөдөгү миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Жыйынтыгында 200дөй адам илимий даражасынан ажыраган. Илимий иши “уурдалгандар” Кыргызстанда да бар экени айтылган. (RK)