Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Казакстан бизнеске ыңгайлуу отуз өлкөнүн катарына кирди


"Doing business" баяндамасы жарыяланган учур. Белград, 31-октябрь, 2018-жыл.
"Doing business" баяндамасы жарыяланган учур. Белград, 31-октябрь, 2018-жыл.

Казакстан Дүйнөлүк банктын бизнеске ыңгайлуулук боюнча рейтингинде алгачкы жолу алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулду. Ал "Doing Business - 2018" баяндамасында 28-орунга коюлуп, былтыркыдан жети позиция алдыга жылган.

Баяндаманын авторлору Казакстан үч багытта – ишкананы каттоо, эл аралык соода жана келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу боюнча реформа жүргүзгөнүн белгилешти.

Дүйнөлүк банк жыл сайын бизнес ачуунун шарттары, курулушка уруксат алуу, насыя мүмкүнчүлүгү, инвесторлордун укугун коргоо, салык төлөө, келишимдерди сактоо жана банкротту жөнгө салуу боюнча жагдайды иликтеп турат.

Быйылкы рейтингде Орусия 31, Өзбекстан 76, Тажикстан 126-орунга коюлган. Кыргызстан жети сапка алдыга жылып, 70-орунга коюлду. Эң мыкты көрсөткүчкө 2010-жылы жетишип, анда Кыргызстан 41-орунду ээлеген болчу.

Бизнес үчүн эң ыңгайлуу деп эсептелген өлкөлөрдүн алдыңкы үчөө Жаңы Зеландия, Сингапур жана Дания болду.

XS
SM
MD
LG