Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Пакистанда христиан аялдын акталышына каршы акция уланууда


31-октябрдагы Лахордогу митинг.
31-октябрдагы Лахордогу митинг.

Пакистандын чоң шаарларында "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп соттолгон христиан аялдын акталганына нааразылык акциялары экинчи күнү да уланып жатат. Пакистандагы ашынган динчилдердин “Техрик-е Лабаик” партиясынын тарапкерлери Карачи менен Лахордо он чакты көчөнү тороп турушканы кабарланды. Алар Асия Бибинин өкүмүн ишке ашырууну талап кылышууда.

Христианчылыктын католик багытын карманган Асия Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Аны катаал жазага тартууга мусулман аялдардын аны "пайгамбарга акарат келтирди" деген сөзү негиз болгон.

31-октябрда Пакистандын Жогорку соту өлүм жазасын күтүп жаткан Бибини актаган. Сегиз жылдан кийин эркиндикке чыккан аял азыр кайда экени коопсуздук маселесинен улам айтылган жок. Адвокаты Биби жакын арада өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Беш баланын 54 жаштагы энесине баш калка берүүгө даяр экенин буга чейин Франция менен Испания жарыялаган.

XS
SM
MD
LG