“Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деп, христиан аялга чыгарылган өлүм жазасын жокко чыгаруу чечимин өлкөнүн башкы соту Сакиб Нисар баштаган үч судья 31-октябрда кабыл алды. Төрт баланын энеси Асия Биби эми бошотулушу керек. Адвокат Гулам Мустафа буга чейинки чечимдер жокко чыгарылганын кабарлады:
- Соттун чечиминде биринчи инстанциядагы токтомдор, анын ичинде Лахордун Жогорку сотунун чечими да жокко чыгарылып, Асия Биби акталды. Соттун кенен чечимин бир аздан кийин алабыз. Чечимде башка дагы эмнелер бар экенин ошондо көрөбүз.
Асия Бибинин өлүм жазасына кесилиши бүтүн христиан дүйнөсүндө нааразылык жараткан. Католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI 2010-жылы аны бошотууга чакырса, Папа Фрэнсиск 2015-жылы тарса аялдын кызы менен кездешкен. 2012-жылы Франция Асия Бибиге саясий качкын макамын берүүгө даяр экенин билдирсе, Орус-православ чиркөөсүнүн башчысы Кирилл Пакистан бийлигинен аялга ырайым берүүнү суранган. Христиан аял да күнөөсүн мойнуна албай келген.
Бирок соңку сот чечими эми Пакистандын бир катар шаарларында нааразылык жаратты. Сот чечимин айыптагандар жолдорду тосуп, полиция менен кагылышты. Борбор калаа Исламабадда жана Лахор шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Пакистандагы ашынган “Терик-е Лабаик” партиясы Бибини бошотууну буйруган судья Сакиб Нисар баштаган коркуткан чакырыктарды жасады. Ошондой эле өкмөт башчы Имран Ханды да бийликтен кетирүү үндөшүүдө. “Эгер аны башка өлкөгө өткөрүп берүү аракети жасалса, кесепети оор болот” деп эскертилет партия тараткан билдирүүдө.
Төрт баланын энеси Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Христиан аялды катаал жазага тартууга мусулман аялдардын аны "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген сөзү негиз болгон. Ошондо эле адам укугун коргоочулар тарса аял айыптоочулар гана берген көрсөтмөнүн курмандыгы болгонун айтып чыгышкан.
Асия Бибини өлүм жазасына тартуу боюнча райондук соттун өкүмүн 2014-жылы 16-октябрда Жогорку соттун Лахор шаардык бөлүмү бекиткен. Бирок Бибинин адвокаты доо арыз менен кайрылгандыктан катаал жазаны аткаруу убактылуу токтотулган.
2011-жылы эки мамлекеттик аткаминерди – губернатор менен азчылыктар министрин Бибини колдоп сүйлөгөнү үчүн өлтүрүп кетишкен.
"Исламга акарат келтирген" деп айыпталгандар Пакистанда өлүм жазасына тартылат. Айрым учурларда айың кептерге эле таянган адамдар шектүүлөрдү сотсуз ташбараңга алган учурлар кездешет.
Лахордогу "Социалдык адилеттик" борборунун маалыматы боюнча Пакистанда 1987-2016-жылдар аралыгында 1500гө жакын киши "исламга акарат келтирген" деген кине менен жазага тартылган. Бирок өлүм жазасына өкүм кылынгандардын баарынын эле өкүмдөрү аткарылган эмес, көбү чечими өзгөрүлүп, абактан чыккан.
Эл аралык дин эркиндиги комиссиясынын баяндамасына ылайык, Пакистанда адам өлүм жазасына тартылып жазасына күтүп жаткан же өмүр бою соттолгон 40тай адам бар. Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1.6% тарса-христиандар түзөт.