Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Ошто экс-мэр Кадырбаевдин тушунда коюлган мыйзамсыз күркөлөр алынды


“Алымбек датка” эс алуу багындагы бузулган мыйзамсыз күркөлөр.
“Алымбек датка” эс алуу багындагы бузулган мыйзамсыз күркөлөр.

Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу багындагы мыйзамсыз он чакты күркө менен павильон бузулуп, алынып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин тушунда аталган паркка бир нече күркө курулуп кеткен. Соода жайларына сейил бакты караган Ош мэриясына караштуу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчиси Айгүл Наватова ээлик кылаары кабарланган. Мэрия өкүлү бул маалыматтарды ырастаган жок.

- "Соода күркөлөрү Айгүл Наватованыкы" же "ага караштуу" деген документ жок. Эч бир документке антип жазылган эмес. Ал тууралуу кабарым жок, бирок шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун мыйзамсыз күркөлөрдү бузуу боюнча тапшырмасынын алкагында ал жердеги павильондор алынды. Мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери күн сайын уланып жатат. Мэр ишке киришкенден бери кеминде 100дөн ашуун мыйзамсыз күркө бузулуп, ордунан алынды, - деди Азамат Абсаттаров.

“Алымбек датка” этнографиялык багы 2009-жылы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда курулган. 2016-жылы калаадагы жарандык активисттер паркка дүкөн, күркө жана кафелер толуп, “сейил бак базарга айланып калганын" айтып нааразылык билдирип чыгышкан.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын 2014-жылдын 15-январынан 2018-жылдын 3-июлуна чейин башкарган. ​(ErN)

XS
SM
MD
LG