Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Армян парламенти Пашинянды премьерликке дагы шайлаган жок


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армения парламенти Никол Пашинянды экинчи ирет премьер-министрликке шайлаган жок. Конституцияга ылайык, эми парламент – Улуттук жыйын тараганга аргасыз болот.

"Улуттук жыйын мыйзамдын күчү менен тарады. Куттуктайм!" деп жазды Пашинян "Фейсбуктагы" барагына.

Шайлоо кодексиндеги мөөнөткө ылайык, өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо декабрда өтүшү керек.

Буга жетишүү үчүн Пашинян мурдараак кызматынан атайын ​кеткен жана өзүн эки жолу тең кайра шайлабай коюуга депутаттарды көндүргөн. Мындай тактиканы ал “баркыт ыңкылабынын” максаттарын мыйзам алкагында ишке ашыруу катары түшүндүргөн.

Парламенттеги күчтөрдү алмаштыруу - апрелдеги элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Никол Пашиняндын башкы убадасы.

Азыр Улуттук жыйында Пашиняндын “Елк” фракциясынын 9 гана мандаты бар. Ал эми мурдагы президент Серж Саргсяндын Армения Республикалык партиясы 50 мандатты ээлеп турат.

Бул партия сентябрдагы Ереван шаардык кеңешине шайлоого катышкан эмес. Ал шайлоодо Пашиняндын кыймылы 80% ашуун добуш алган.

XS
SM
MD
LG