Орусиянын украиналык аткаминерлерге жана ишкерлерге каршы санкциясын Петр Порошенко какшык менен кабыл алды. Украин президенти "тизмеге киргендер үчүн бул мамлекеттик сыйлыкка тете. Кирбей калгандар өкүнүчтө" деп комментарий берди. Ошол эле учурда ал Орусияга карата мурдатан айтып келаткан талаптарын кайталады:
- Фронт тилкесинде санкциялар аркылуу куралы менен ойногондон көрө Орусия жөнөкөй бир ишти кылышы керек. Украинадан кетип, аскерлерин, куралдарын чыгарсын. Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирсин. Ошондо тынчтык орнойт жана санкция киргизүүгө зарылдык жаралбайт.
Бейшембиде Орусия Украинанын 322 жаранына жана 68 компаниясына санкция салган.
Экономикалык жазаларга кабылгандардын сап башында украин президентинин уулу Алексей Порошенко, ички иштер министри Арсен Аваков, коргоо министри Степан Полторак, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак, мурдагы премьер-министрлер Юлия Тимошенко менен Арсений Яценюк, Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев жана башкалар бар. Мындан тышкары ишкерлер да киргизилген.
Орус-украин мамилелери украиналыктар Евробиримдикке жакын болууну колдоп, бийликти кулаткандан кийин кескин начарлаган. Москва 2014-жылы Крымды өзүнө каратып алып, Донбасстагы украин өкмөтү менен согушкан жикчилдерди колдоп келет.