Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Өзбекстан: вице-премьердин каарына калгандар белгилүү болду


Кесек көтөрүп турган бекабаддык жетекчилер.
Кесек көтөрүп турган бекабаддык жетекчилер.

27-октябрда Өзбекстанда арыкта суу кечип, тизилген алты кишинин, андан аз өтпөй кесек көтөргөн дагы алты кишинин сүрөттөрү Интернетке тараган. Биринчи сүрөт Аккурган, экинчиси Бекабад районунда, ал жакка ошондогу вице-премьер-министр Зойир Мирзаев барган учурда тартылганы белгилүү болду.

Окуяга күбө болгон Бекабаддагы акимчилик кызматкерлеринин бири атын атабоо өтүнүчү менен жазалангандардын тек-жайын “Азаттыктын” өзбек кызматына тактап берди. Анын айтымында, вице-премьер буудай талаасы малаланбай калганына ачууланган.

- Мирзаев талаадагы чоң кесектерди көрөрү менен жергиликтүү жетекчилерди сөгүп, кыйкыра баштады. Андан соң ал чарба бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Фарход Хотамовго, фермерлер кеңешинин төрагасы Улугбек Худойбердиевге, айыл чарба башкармалыгынан башчысы Касым Базарбаевге, жер кадастрынын башчысы Абдулла Умаровго, райондук жана облустук суу чарба жетекчилери Ибрагим Бердикулов менен Бахтияр Курбановго талаадан кесектерди терип, жогору көтөрүп турууну буйруган, – дейт акимчилик кызматкери.

Анын айтымында, Зойир Мирзаев андан соң сүрөткө тарттырып, “сабак болуш үчүн" башка район аткаминерлерине жөнөтүүнү тапшырган.

Сүрөттөр жарыялангандан кийин президент Шавкат Мирзиёев вице-премьер Мирзаевди кызматтан алган.

"Азаттык" жазалангандардын айрымдары менен да байланышты. Ибрагим Бердикулов "вице-премьер бизди мажбурлаган" десе, Абдулла Умаров ушул окуядан кийин кызматынан кетип калганын айтты.

XS
SM
MD
LG