Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет


"Курманжан Датка" спектакли. Архивдик сүрөт.
"Курманжан Датка" спектакли. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, саат 10:00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара болот.

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келе жатат. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG