Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Нью-Йоркто Айтматовго арналган иш-чара өтөт

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Кыргыз-Америка фонду билдиргендей, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара 28-30-ноябрда Нью-Йорктогу Колумбия университетинде өтөт.

Иш-чараны Кыргыз-Америка фонду, Колумбия унисерситетине караштуу Гарриман институту жана Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университети чогуу уюштурууда.

Иш-чаранын алкагында белгилүү илим жана искусство ишмерлеринин катышуусунда эл аралык жыйын, сүрөт-көргөзмө болуп, фильмдер жана концерттер тартууланат.

Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. (NT)

XS
SM
MD
LG