Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Абылгазиев Астанага кетти


Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарынын аэропортунда.
Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарынын аэропортунда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу мүмкүн.

Мындан тышкары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG