Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Өзбекстан Кыргызстандын картөшкөсүн кайра сатып ала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Өзбекстанды картөшкө менен камсыз кылуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Сүйлөшүүлөр октябрь айынын орто чендеринде өткөн. Өзбек тарап картөшкө алып кирүүгө кыргызстандык 17 компанияга уруксат берген.

Натыйжада Ысык-Көл облусундагы ишкерлер “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясы менен 2 миң тонна картөшкө жеткирүүнү макулдашкан. Учурда анын 66 тоннасы жөнөтүлдү.

Фитосанитардык сертификаттар коңшу өлкөнүн талаптары менен жүргүзүлүүдө.

17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салган. “Азаттыкка” маалымат берген Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев Өзбекстан мындай чечимди бир тараптуу кабыл алганын билдирген. Мындан кийин сүйлөшүүлөр жүрө баштаган эле.

Быйыл Кыргызстанда 1 миллион тоннадай картөшко алынат деп күтүлүп жатат. Анын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанга сатылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG