Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Мурдагы журналист АКШнын БУУдагы элчиси болушу мүмкүн


Хизер Нойерт.
Хизер Нойерт.

АКШ президенти Дональд Трамп Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойертти АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кылып дайындоо маселесин "олуттуу караштырып жатат". "Reuters" агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу президент Ак үйдөгү журналисттерге билдирди.

"Fox News" телеканалы өз булактарына шилтеме берип, Трамп Нойерт менен 29-октябрда Ак үйдө жолугушканын маалымдады. Бирок ал сунушту кабыл алган-албаганы белгисиз.

Нойерт былтыр Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал "Fox News" телеканалында иштечү.

Октябрда АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жыл аягына чейин кызматынан кетерин жарыялаган. Ал президентти администрациядан тышкары жерде иштеп колдой берерин айткан.

XS
SM
MD
LG