Кыргыз гидрометеорология борбору шашылыш билдирүү таратып, 3-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн эскертти. Бул жагдай энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды багууну кыйындатат. Катуу жаан жааганда автоунаа жолдорунда көзгө уруна турган аралык азайып, автоунаалардын ылдамдыгы басаңдайт.
Түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6,
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1,
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.
3-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4…-6°, күндүз 1…3° градус болот. (ErN)