Ош шаарынын мэриясы борбордук жылуулук системасына туташкан 400 жер үйдү андан ажыратуу боюнча буйрук эмес, протоколдук тапшырма берилгенин билдирди. Тармакты тейлеген вице-мэр Асылбек Топчубаев бул боюнча оозеки гана буйрук болгонун, ал буйруктун автору ким экенин билбей тургандыгын айтты.
Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров болсо жылуулук боюнча адистердин сунушу менен шаардын жетекчиси тапшырма бергенин түшүндүрдү.
- Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов сентябрь айында, күн ысык маалда кышка даярдыкты текшерген. Ошондо Ош Жылуулук электр борбору менен "Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчилери, адистери ушундай маселе көтөрүшкөн. Алар көп кабаттуу үйлөр күндөн күнгө көбөйүп атканын мисал келтирип, жогорку кабаттагы батирлерге жылуулук жетпей калып жатканын айтышкан. Бул ишканалар болсо негизинен көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга ылайыкташкан. Адистер жер үйлөрдү жылуулуктан үзүп турууну сунуш кылып, натыйжада мэр протоколдук тапшырма берген. Ошонун негизинде азыр адистер жер тамдарды жылуулук системасынан ажыратып жатышат. Анын ичинде көбүнчө карызы көптөр, жетиштүү акча төлөбөгөндөр биринчи болуп ажыратылды. Бирок жер үйлөрдүн меши бар, үйдү жылытуунун башка жолдору бар. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө борбордук жылуулук түйүнүнөн башка альтернатива жок. Бул былтыр Бишкек ЖЭБинде болгондой авариянын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара, - деди Абсаттаров.
Ошто менчик үйлөр борбордук жылуулук системасынан ажыратыла турганын Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 30-октябрда шаардык кеңештин сессиясында билдирген. Ал кышында көп кабаттуу үйлөргө үзгүлтүксүз жылуулук берүүнү камсыз кылыш үчүн ушундай чарага аргасыз болуп жатканын айткан. Учурда түтүктөрдү кесүү иштери уланууда.
Ал эми борбордук жылуулук системасынан ажыратылган тургундар мэрия муну өз убагында эскертпегендиктен кышка даярданууга үлгүрбөй калышканын айтышууда. Алар жылуулук түтүктөрүн эскертүүсүз кесүүнү мыйзамсыз деп баалап жатышат.
Ош шаарында 700дөй көп кабаттуу үй бар. Анын ичинен 600дөйү гана борбордук жылуулук түйүнүнө туташкан. Андан сырткары шаар аймагында 65 миңдей жер тамдын ичинен 400ү борбордук жылуулук системасына туташкан. (YI\ErN)