Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Киши колдуу болгон журналисттер көбөйүп баратат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-ноябрь - Журналисттерге каршы кылмыштардын жазасыз калышын токтотууга багытталган эл аралык күн. Дүйнөнүн булуң-бурчунда өтүп жаткан акциялар Париждеги Эйфел мунарасында да өттү.

Бейшембинин кечинде Эйфелдин жарыгы бир саамга өчүрүлдү. Бир мүнөттүк жымжырттыктан кийин Париждеги акциянын катышуучулары кесиптик ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүлгөн журналисттерди эскеришти. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлдөрү киши колдуу болгон кабарчылар көбөйүп жатканын билдирди.

Эл аралык күн быйыл саудиялык журналист Жамал Хашогжи (Хашогги) өлтүрүлгөндөн туура бир ай өткөн учурга туш келди. Дүйнөдөгү бир катар басылмалар Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда Хашогжинин көзүн тазалагандарды жоопко тартууну талап кылып келатышат.

XS
SM
MD
LG