Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Президент Жээнбеков “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу эскерүү кечесине катышууда


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу эскерүү кечесине катышууда. Иш-чара Ош шаарынын улуттук драма театрында өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы кабарлады.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу республикалык иш-чаранын алкагында жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын жандуу галереясы, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.

Эскерүү кечесинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүлүп жатат. Түштөн кийин көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш сыяктуу улуттук ат оюндары болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда эки күндүк иш сапары менен жүрөт. Буга чейин ал Араван районундагы цемент заводунун ачылышына катышкан. (MdN)

XS
SM
MD
LG