Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин галереясы ачылат


"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев.
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев.

7-ноябрь эл аралык маалымат жана басма сөз күнүнө карата 25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин сүрөт галереясы ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири, журналист Күнболот Момоконов билдирди.

- Журналисттердин күнүнө карата маркумдарга багыштап 7-ноябрь күнү "Ак сарай" ресторанында куран окутулат. Ошол эле жерде 120дай маркум журналисттердин сүрөт галереясы ачылат. Иш-чарадан кийин ал сүрөттөр Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырылат. Демилгени Элнура Кулуева, Канышай Мамыркулова жана башка беш-алты журналист өз каалоосу менен көтөрүп, уюштурду.

Иш-чара 7-ноябрь күнү Анкара көчөсү 17/2 дарегинде "Ак сарай" ресторанында өтөт. (KR)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG