Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Көк бөрү: Талас командасы коло байге алды

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын коло байгесине Талас облусунун командасы ээ болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматына кабарлагандай 3-орун үчүн Талас менен Ош облусунун командасы беттешип, 5:0 эсебинде таластык көкбөрүчүлөр жеңишке жетти.

Оюн бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында өттү.

Алдыда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командасы ойнойт. Беттеш саат 14:00 башталат. Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты 29-октябрда башталган. Ага Кыргызстандын аймактарынан тогуз команда катышты. (MdN/ECh)

XS
SM
MD
LG