Кыргыз гидрометеорология борбору 4-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12 градус болот.
4-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус жылуу болот.