Херсон шаарындагы коррупциялык көрүнүштөрды ачык айтып келген 33 жаштагы Екатерина Гандзюк жекшембиде Киевдеги ооруканада каза тапты. Ага быйыл 31-июлда белгисиз бирөөлөр күкүрт кислотасын чачып, 40 пайыз күйүк алган.
Үч ай ичинде Гандзюкка он бир жолу операция жасалды.
Екатерина Гандзюк Херсон шаардык кеңешинин депутаты жана мэрдин кеңешчиси болгон. Коомдук иштерге жигердүү аралашып жүргөн.
Украинанын президенти Петро Порошенко анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берди. Бул ишке шектүү беш киши камакта. Ушул кезге чейин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен иликтенип жаткан кылмыш иши активисттин өлүмүнөн кийин, 4-ноябрда "буюртма киши өлтүрүү" деп өзгөртүлдү.