Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:59

Журналисттик иликтөөлөр фонду чакан грант алууга сынак жарыялады


Журналисттик иликтөөлөр фондунун эн белгиси.

Журналисттик иликтөөлөр фонду чакан грант алууга сынак жарыялады. Ага иликтөө менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иштеген уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыккан адамдар катыша алат.

Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, иликтөө жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү.

Гранттын өлчөмү – 70 000 сом. Анын ичине транспорттук чыгымдар, жабдыктардын ижарасы, документтерди чогултуу үчүн жана башка максаттагы каражаттар кирет. Гранттын жарымы өтүнмө канааттандырылганда, калганы – иликтөө аяктаганда берилет.

Сынакка өтүнмөлөр кыргыз же орус тилинде кабыл алынат. Анда иликтөөнүн темасы, иликтөө жүргүзүүнүн жолдору көрсөтүлүп, долбоордун бюджети көрсөтүлүшү керек. Иликтөөлөр ТВ, радио, онлайн, басма форматында болушу мүмкүн. Катышуучулар 25-ноябрга чейин grant@jif.kg дарегине өтүнмө жибериши керек.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын” негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган.
Фонд жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. Фонддун байкоочу кеңешинде 11 адам бар.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө сууга чөгүп, каза болгон.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG