6-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 4...9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы түнкүсүн 0...2, күндүз 11..13 градуска жогорулайт. Жаан-чачын болбойт.