Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен кармаштан бир украин аскери мерт болуп, төртөө жаракат алды. Жикчил топтун төрт мүчөсү каза таап, дагы төртөө жарадар болгонун Украинанын Коргоо министрлиги 5-ноябрда билдирди.
Министрлик соңку 24 саатта жикчилдер ок атышпоо келишимин 18 жолу бузганын, алар пулемёт жана гранатамёттордон ок атышканын белгиледи. Донбасстагы жикчилдер тескерисинче украин тарапты "бир сутка ичинде келишимди 21 жолу бузду" деп айыптады.
Украинанын чыгышындагы 2014-жылдын апрель айында башталган кармаштан ушул күндөргө чейин 10300дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды.
2014-жылдын сентябрь, 2015-жылдын февраль айында Минск макулдашуусунун алкагында ок атышпоо келишими жарыяланса да украин армиясы менен Донецк жана Луганск аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган жикчилдердин ортосунда куралдуу кагылышуулар токтобой келатат.