Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Астана этникалык казактардын абалы боюнча Кытайга нота жөнөттү


Кытайдан келген казак кайрылмандарынын Алматыдагы маалымат жыйыны, 2018-жылдын сентябрь айы.
Кытайдан келген казак кайрылмандарынын Алматыдагы маалымат жыйыны, 2018-жылдын сентябрь айы.

Казакстан Шинжаңдагы айрым этникалык казактарга жасалган мамиле боюнча Кытай тарапка нота жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смидияров 5-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына билдирди. Ал өткөн аптада Кытайдагы саясий лагерлердеги ата-энелерин бошотууга көмөктөшүүнү өтүнгөн өспүрүмдөрдүн видео кайрылуусу боюнча да өкмөттүн позициясын айтты:

- Биз кабардарбыз. Кытай тараптан тиешелүү иш жүргүзүлүп жатат. Сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кытайдын Астанадагы элчилигине дипломатиялык ноталар жөнөтүлгөн. Биздин Бээжиндеги элчилигибиз тарабынан да иш жасалып жатат. Балдардын айрымдарынын ата-энелерин биз билебиз. Алар боюнча маалымат такталууда. Биз текшерип чыккан маалыматты тиркеп, дипломатиялык нота жөнөткөнбүз. Кытай тараптан тактоону өтүнөбүз,-деди Айбек Смадияров.


2-ноябрда Кытайдан келген казак улутундагы 50дөй өспүрүм Алматыда Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросуна чогулуп, казак бийлигинен Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелерин бошотууга жардам берүүнү суранышкан. Ал өспүрүмдөрдүн көбү атасы же апасы менен Кытайдан Казакстанга көчүп келгени белгилүү болгон.

Кайрылмандар менен иш алып барган “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун активисттери азыр Казакстанда Кытайдан атасын же апасын күтүп жаткан 500гө жакын ушундай өспүрүм бар экенин билдиришкен.

Шинжаңда уйгурлар менен кошо казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган. Сентябрь айында “Human Rights Watch” укук коргоо уюму Шинжаңда кармалып жаткандардын арасында кыргыздар да бар экенин билдирген. Кытайдын бийлиги саясий лагерлерди жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG