Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Пакистандык адвокат мажбурланып өлкөдөн чыгарылганын айтты


Асия Бибинин укугун коргогон адвокат Сайфул Мулоок. Гаага. 5-ноябрь, 2018-жыл.
Асия Бибинин укугун коргогон адвокат Сайфул Мулоок. Гаага. 5-ноябрь, 2018-жыл.

Пакистанда "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган христиан аял Асия Бибинин укугун коргогон адвокат Сайфул Мулоок мажбурланып өлкөдөн чыгарылганын айтты. Нидерландга келген адвокат 5-ноябрда Гаагада басма сөз жыйынын өткөрүп, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Европа Биримдиги “өзү каалабай турса” да аны Пакистандан чыгарып кеткенин билдирди.

31-октябрда Пакистандын Жогорку соту сегиз жыл мурда өлүм жазасына кесилип, бирок өкүмдүн ишке ашышын күтүп жаткан Асия Бибини актаган чечим чыгарган. Буга нааразылык иретинде Пакистандын бир катар шаарларында ашынган исламчылар демонстрацияларды өткөрүшүп, жолдорду бөгөшкөн.

Адвокат Мулоок нааразылык толкуну башталганда БУУнун Исламабаддагы өкүлүнө байланышка чыкканын маалымдады:

- Анан алар жана Европа өлкөлөрүнүн Исламабаддагы элчилери мени үч күн кармап турушту жана өзүм каалабасам да мени учакка отургузушту.

Эки күн мурда адвокат "жаалданган топтон өз өмүрүн сактап калыш" үчүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Пакистандан чыгып кеткенин "Reuters" агенттиги кабарлаган.

Адвокат Мулоок Гаагадагы басма сөз жыйынында өзү укугун коргогон Асия Бибинин кайда экенин билбей турганын, БУУ коопсуздук маселесинен улам бул маалыматты бербей жатканын кошумчалады. Буга чейин бир катар Европа өлкөлөрү Бибиге башпаанек берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Адвокаттын айткандары тууралуу БУУ менен Евробиримдик расмий маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG