Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 5-ноябрда Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы менен таанышкан учурда алар сунуш кылган демилгелерди кубаттады.
Жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов реформанын алкагында Бишкекте Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла турганын билдирди.
Маалыматка караганда, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүктөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.
Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу, кийинки жылдары реформаны бүт өлкөгө жайылтуу максаты коюлууда.
Кыргызстанда реформанын алкагында укук коргоо тармагындагы бир катар мекемелердин аталышы буга чейин да өзгөртүлгөн. 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл узабай өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн. (NT)