Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

Бишкекте репрессия жана анын кесепеттери талкууланат


Репрессиядан курман болгондордун "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.
Репрессиядан курман болгондордун "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында бүгүн, 6-ноябрда эл аралык илимий жыйын өтөт. Иш-чара "Тарых: саясий репрессия жана анын кесепеттери» деп аталат.

Ага жогорку окуу жайларынын окутуучулары, чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар чакырылган. Улуттук илимдер академиясы билдиргендей, жыйында Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт.

Сталиндик кандуу кыргын 1937-38-жылдарда күчөгөн. Ошол мезгилде камалып, атылып, кыйноого кабылып өлгөндөрдүн саны миллионго жакын экени болжолдонуп келет.

Кыргызстандын 1920-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов жана башкалар да репрессия болгон.

Өлкөдө мурдагы бийликтин тушунда Октябрь революциясынын жеңиш күнү катары майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG