Франциянын бийлиги Сириянын атайын кызматынын жогорку кызматтагы үч өкүлүн камоого ордер бергенин "Le Monde" гезити жазып чыкты.
Гезиттин маалыматына караганда, француз тарап ал сириялыктарды "адамзатка каршы кылмыштарга тиешеси бар" деп айыптап жатат.
Ордер берилгендердин арасында Сириянын Улуттук коопсуздук бюросунун башчысы Али Мамлюк бар экени белгилүү болду.
Француз тараптын иликтөөсүнө теги сириялык Франция жаранынын 2016-жылы жазган арызы себеп болгон. Ал 2013-жылы Сирияда эки жакын адамынын жоголуп кетишин иликтөөнү өтүнгөн.
Арызда жоголгон эки жаранды тең Сириянын атайын кызматы камакка алганы жазылган.
"Le Monde" басылмасынын маалыматы боюнча, 2018-жылы Дамаск алардын жүрөгү кармап каза болгонун ырастаган. Бирок Франция Сириянын бийлиги бул эки кишини "уурдап, өлтүргөн" деп эсептейт.