Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында каржылык зыян аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ири өлчөмдөгү каржылык зыян аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 6-ноябрда тараткан кабарга ылайык, баштапкы эсепте мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян болгону такталды.

Аталган мекеменин кызматкерлерине карата мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында ЖАМКтын көчмө механизациялашкан колоннасында жана САСЕМ акционердик коомунда жүргөн оңдоп-түзөө иштерине аудит жүргүзүлдү.

Териштирүү иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG