Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

БУУ: Ооганстанда шайлоо өнөктүгүндөгү чабуулдардан көп киши өлдү


Шайлоодон кийин бюллетендерди жеткирүү иши.
Шайлоодон кийин бюллетендерди жеткирүү иши.

Ооганстандагы октябрда болгон парламенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан кезде “Талибандын” чабуулдарынан карапайым элдин арасында жоготуулар абдан көп болду. Бириккен Улуттар Уюмунун 6-октябда жарыяланган атайын баяндамасында айтылгандай, согушкерлер шайлоо жараянын үзгүлтүккө учуратыш үчүн атайын аракеттенишкен. Андагы кол салуулардан жалпысынан 435 адам жапа чексе, 56 киши көз жумган.

Ооганстандан чет элдик аскерлердин чыгарылышын талап кылып келаткан "Талибан" кыймылы добуш берүүгө каршы тараткан билдирүүсүндө шайлоочуларды өз өмүрлөрүн сактоо максатында "жасалма жана театралдык процессти" бойкоттоого чакырган.

"Талибан" менен катар эле "Ислам мамлекети" террордук тобу да шайлоочуларды каттоо борборлорунда бир канча кол салуу уюштурган. 20-21-октябрда өткөн шайлоо учурунда радикал исламчылар жалпысынан 200дөй жакын чабуул жасаган.

Үч аптага созулган шайлоо өнөктүк учурунда 10 талапкер өлтүрүлүп, экөө уурдалып кеткен.

XS
SM
MD
LG