Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Казакстан "Falcon-9" ракетасы менен эки спутник учурат


АКШнын жеке менчик "SpaceX" компаниясы "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү - бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета
АКШнын жеке менчик "SpaceX" компаниясы "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү - бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета

Казакстандын коргонуу жана аэрокосмос өндүрүшү министри Бейбит Атамкулов "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине "SpaceX" компаниясынын "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү менен эки спутник учура турганын ырастап, жеке менчик компанияны эмне үчүн тандашканын түшүндүрдү.

6-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстан америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын "Space X" компаниясы чыгарган "Falcon-9" ракетасы менен эки илимий-технологиялык спутник учурууга камынып жатканын жазган.

Бейбит Атамкуловдун айтышынча, буга чейин спутник учуруп жүргөн "Днепр" программасы жабылып калганына байланыштуу Казакстан чет элдик ракета-алып жүрүүчү издешкен.

- Арзан. Өзүбүзгө ылайыктуу ракет издедик. Кийин "Falcon-9", "SpaceX" компаниясын тандадык. Алдын ала дайындыгы, камсыздандыруусу бар. Баасы 1 миллион 400 миң долларга түштү. Бул өтө арзан баа десек болот. Себеби биз бир учурда эки жандоочту учурабыз. Бир ракета менен бир жандоочту учуруу 10-30-миллионго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн. Ал эми биз спутникти башка элдердин жандоочтору менен чогуу учурабыз, - деди Бейбит Атамкулов.

АКШнын жеке менчик "SpaceX" компаниясы "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү - бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета түрүнө кирет. Илон Маск ракетанын жерге кайтып келүү тажрыйбасын сынактан ийгиликтүү өткөрүп, коммерциялык космос тармагында чоң өзгөрүү жасаган.

XS
SM
MD
LG