Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстандагы тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы башталат

Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бири.
Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бири.

Бишкекте бүгүн, 7-ноябрда "Kyrgyz Textile & Clothing Week - 2018" деп аталган жумалык башталат. Экономика министрлиги билдиргендей, тигүү тармагын жакшыртууга багытталган иш-чара 16-ноябрга чейин уланат.  

7-11-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында ата мекендик тигүү өндүрүшүнөн чыккан кийим-кече, буюм-тайымдардын көргөзмө-жармаңкеси, 13-16-ноябрда "Жаннат" мейманканасында Жарашык жумалыгы болот.

Жарашык жумалыгынын алкагында жаш дизайнерлердин, өндүрүш компаниялардын сынактары уюштурулат. 

13-14-ноябрда текстил-тигүү өндүрүшүнүн оош-кыйышын талкуулаган жыйындар өтөт.  

XS
SM
MD
LG