Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лянь-Ю менен жолугушту. Өкмөт башчы инвестицияны коргоо маселесине кыргыз өкмөтү өзгөчө көңүл бурарын жана ак ниет, мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдой турганын белгиледи.
Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунун кен байытуучу фабрикасын ушул жылдын декабрында ишке киргизүүгө бардык даярдык аяктаганын маалымдады. Ошондой эле ал премьер-министрге экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча компаниянын пландары тууралуу айтып берди.
Өкмөт берген маалыматка караганда, Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд. сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Кен байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияны жана жумуш орундарын мындан ары да көбөйтүү ниетинде.
Чаткалдагы Куру-Тегерек кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ишканасынын айланасында да чырдын аягы тыйыла элек. Бул кенде расмий эсеп боюнча 39 тоннадан ашык алтын, 354 миң тоннадан ашык жез бар экени аныкталган.
Кенди иштетүү боюнча лицензия кытайлык "Кичи-Чаарат" ишканасына 2003-жылы эле берилген жана кендеги алтын өндүрүшү 2017-жылга белгиленгени маалымдалган. Бирок кендеги алтын өндүрүшү азырынча баштала элек.
Башкы прокуратура Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин чалгындап жүргөн, эми кен казууга киришкени жаткан кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Бул компанияга козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. 2013-жылы да ири өлчөмдөгү салык жашырган деп иш козголгон.