Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Баткен, Фергана облустарынын күч түзүмдөрү коопсуздук маселесин талкуулашты


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Мындай маалымат өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн алынды. Өзбекстандын Вадил шаарында өткөн жолугушууга Баткен облусунун, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кадамжай жана Баткен райондорун акимдери, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Кездешүүдө эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу, эки мамлекеттин аймагында жүрүүнүн шарттары, эки тараптуу кызматташуу, соода-сатык жүргүзүүдөгү эрежелер боюнча алакаларды мындан ары да жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Эки тарап экономикалык, саясий, маданий багытта кызматташтыкты өркүндөтүү, чектеш аймактардагы келишпестиктин алдын алуу, өткөрмө бекеттерден өтүү эрежелерин жеңилдетүү жана эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашылган протоколго кол коюшту. Аталган жолугушуу Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын Фергана, Андижан, Наманган облустарынын хокимдеринин кеңешинин иш чарасынын алкагында өттү. (JsA)

XS
SM
MD
LG