“Associated Press” агенттиги кабарлагандай, Конгресстин Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан өткөн Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында ага шайланган алгачкы мусулман аялдар болуп калышты.
35 жаштагы Илхан Омар Африкада төрөлгөн, теги боюнча сомалилик. АКШга бала кезинде качкын катары келген, 2016-жылы Миннесота штатынын парламентине шайланган. Быйыл августта Демократиялык партиянын Конгресс үчүн ички шайлоосу болгон праймеризде өз атаандашын утуп чыккан.
Ал эми 42 жаштагы Рашида Тлаиб Кошмо Штаттарда туулуп-өскөн, теги боюнча палестиналык, кесиби адвокат. Ал 2008-жылы эле Мичиган штатынын парламентине өтүп, АКШнын тарыхында штаттын мыйзам чыгаруучу жыйынына шайланган экинчи мусулман аял болгон. (UE)